Биз менен байланышыңыз

11 айда 5798 жол кырсыгы катталды

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 614 | 0

Акыркы он бир айда Кыргызстан боюнча 5798 жол кырсыгы катталган. Бул каргашаларда 600дөн ашуун киши мерт кетсе, 8миңден ашыгы жарадар болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков ИИМдин маалыматына таянып билдирди.

Анын айтымында мындай ири зыяндар жарандардын коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынын айынан келүүдө.

«Жол кырсыктарынын көпчүлүгү айдоочулардын жол эрежелерин бузуп, жогорку ылдамдыкты колдонгону себептен келип чыгууда. Мындан сырткары мас абалында айдагандар да негизги күнөөкөрлөр. Эрежеге баш ийбей, шашып айдаган жаштарды тыйып туралы. Ошентип бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыюунун алдын алабыз. Эң кымбаты-адам өмүрү»,-деди депутат.

Мындан сырткары кырсыктардын алдын алуу үчүн тиешелүү органдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM