Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоору: Жол кырсыктары азайууда

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 645 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасынын ишке киргизилиши менен жол кырсыктары 37,5 %га төмөндөдү. Жол кырсыгында адам өлүмү да 36,8 %га азайган. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Учурда долбоордун экинчи фазасын ишке киргизүү боюнча даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи.

«314 аппараттык-программалык комплекс орнотулат. Учурда ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү менен долбоор боюнча макулдашуу иштери жүргүзүлүп жатат», — дейт ал.

Шатемировдун белгилешинче, долбоордун экинчи жана үчүнчү бөлүгү бир маалда жүзөгө ашырылат.

«Долбоор 4 этапка бөлүнгөн. Мындай долбоорлор акырындык менен киргизилет. Жаздыруу, ишке ашыруу, кол коюу процесси – татаал бизнес-процесс болгондуктан, ага көп уюмдар тартылган», — деп кошумчалайт ал.

Copyright © 2017 Maral FM