Биз менен байланышыңыз

Кубаныч Шатемиров Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болду

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 468 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын жаңы орун басары болуп Кубаныч Шатемиров дайындалды. Бул туруалуу «economist.kg» сайты жарыялады.

Буга чейин Шатемиров Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын орун басары жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Кубаныч Шатемиров санариптик долбоорлор жана мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жаатында иш алып барган. Анын жетекчилиги астында «Коопсуз шаар», «Электрондук эсеп-фактуралар», «Автоматтык май куюучу жайлар» жана башка долбоорлор башталган.

Copyright © 2017 Maral FM