Биз менен байланышыңыз

«Ачык маалымат» долбоору экономиканын өсүшүнө өбөлгө болот

Коом | 23 Июл 2019 | 775 | 0

Бүгүн «Ачык маалымат» долбоорун жайылтуу боюнча Молдовадан келген медиаөкүлдөр менен жолугушуу болду. Анда Кыргызстанга «Ачык маалымат» долбоорун кантип жайылтуу керектиги, учурда бул багытта кандай иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгы талкууланды.

«Ачык маалымат» долбоорун ишке ашыруу боюнча медиаөкүлдөр катышкан иш-чара өттү. Анда аталган долбоорду аз убакыттын ичинде Кыргызстанга кантип жайылтуу керек деген маселе көтөрүлүп, атайын адистер тажрыйбалары менен бөлүштү.  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемировдун пикиринде, эгерде «Ачык маалымат» долбоору коомго терең жайылса, анда экономикада өсүш болот. Ал бул багытта жасалган иштерди белгилеп, башка мамлекеттин мисалы менен түшүндүрдү.

— Мамлекет бардык маалыматтарды «Ачык маалымат» долбоору аркылуу интернетке жайгаштырып турат. Коом ал маалыматтардан кабардар болуп, пикир да калтыра алат. Коом жасалып жаткан иштерге анализ жүргүзүп, бир чечимге келгенде гана мүмкүнчүлүк ачылат эле. Маселен, Европада «Ачык маалымат» долбоору иштеп баштаганда, экономикасында болуп көрбөгөндөй өсүш байкалган. Маалыматтар боюнча айтсам, өлкөнү санариптештирүүнүн жыйынтыгында жалпы 200 млрд евро түшкөн. Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты: «Ачык маалымат деген эмне? Аны кантип ишке ашыруу керек? Бул долбоор өзүн актап береби? Мамлекеттин бюджетине канча каражат түшөт?» — деген суроолордун жообун таап, маселени чечип алуу. 

Бүгүнкү иш-чарага Молдовадан келген медиаөкүлдөр да катышты. «Молдова өлкөсү биз өтүп жаткан тепкичти басып өткөн. Бүгүнкү күндө алар «Ачык маалымат» долбоору менен иш алып барышууда. Андагы ийгиликтерин биз менен бөлүшүп жатат», — дейт Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин астындагы «DIGITAL-Касса» долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директорунун орун басары Темир Казыбай. Мындан тышкары, дүйнө эли колдонгон системага Кыргызстан да тез аранын ичинде өтүп, бардык иштер ачык-айкын жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

 «DIGITAL-Касса» долбоорунун бир бөлүгү «Ачык маалымат» долбоору болуп саналат. Биз бул боюнча Молдовадан атайын эксперттерди чакырып, алардын иш тажрыйбасынан маалымат алуудабыз. Иш-чарага мамлекеттик органдардын кызматкерлерин чакырып, ошондой эле, жарандык коомдон да кызыккандарга эшик ачканбыз. Бизде бул долбоор жаңы ишке ашып жаткандыктан, көп нерселер жаңы. Бул долбоор бизнес чөйрөсүнө да таасирин берет.

«Ачык маалымат» долбоорун кантип колдонуу керек? Аны кантип ишке ашырып, тажрыйбага пайдаланса болот? Бул боюнча «Интерньюс» агенттигинин Кыргызстандагы кеңсесинин директору Элина Каракулова айтып берди. Учурда бул мекеме аталган багытта журналисттерге тренинг өткөрүп келет.

— Иш-чарага «Ачык маалымат» таратуу багыты боюнча катышып жатабыз. Анткени, биз бул боюнча көптөн бери иш алып барып, тагыраагы, медиачөйрөдө журналисттер менен атайын иликтөө жасап, ошол эле учурда, аларды окутуп келебиз. Бүгүн бул жакка маалымат жеткирүүчүлөр чогулуптур. Мамлекетти биз «Ачык маалыматты жеткирүүчүлөр» деп коебуз. А медиа жана коом ал нерсени талап кылуучулар болуп саналат. Анткени, ачылып жаткан долбоор социалдык багытты көздөйт.

Кошумчалай кетсек, электрондук же санариптик өлкөнүн жарандарга ыңгайлуу, пайдалуу жагы — бийликтин ишин ачык кылганында. Бул жарандардын да, мамлекеттин да акчасын, убактысын үнөмдөөрүн, кызмат орундарын азайтарын медиаэксперттер социалдык баракчалары аркылуу айтып келишкен. Эгерде «Ачык маалымат» долбоору ишке ашса, активист, журналист, депутаттар статистикалык маалыматтарды ачык алып, өз алдынча талдап, сунуш-көйгөйлөрдү аныктаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM