Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда сөз эркиндиги жакшырды

Коом | 3 мая 2019 | 1491 | 0

Кыргызстан бир жылдын ичинде сөз эркиндигинин рейтинги боюнча 15 кадам алдыга жылып, 83-орунду ээледи. Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» уюму жасаган «Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы жалпы деградация жана айрым жерлердеги алга умтулуу үмүтү» аттуу отчеттук баяндамасында айтылат.

Эл аралык уюмдардын жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 15 кадамга алдыга жылган. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун отчеттук баяндамасында бир жылдын ичинде көрүнүктүү өсүш Армения менен Кыргызстанда байкалганы айтылат. Ошондой эле, экс-президенттин журналисттердин үстүнөн жазган доо арыздарын кайтарып алгандыгы Кыргызстандагы өсүш көрсөткүчүнүн далили катары белгиленет.

Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов өлкөдөгү сөз эркиндиги 10 жыл мурдагыга караганда, учурда кыйла жакшырганын белгилейт. «Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгү жогору», — дейт.

— Отчет баяндамада айтылгандай эле Кыргызстанда абал жакшырды. Алар да биздин өлкөдөгү жагдайга жараша чыгарышат. Өзгөчө Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда бизде сөз эркиндиги жакшы. Журналисттер эле эмес, эл да өз оюн эркин айта алат.

Маалым болгондой, 2016-жылы сөз эркиндигин коргоо максатында атайын комитет да түзүлгөн. Алар кысымга алынган журналисттердин укугун коргоо үчүн бир топко биригишкен. Аталган комитеттин мүчөсү Равшан Жээнбеков азыркы тапта комиттеттин иши азыраак болуп жатканын айтып, муну сөз эркиндигинин жакшыргандыгы менен түшүндүрдү. Антсе да, 2006-жылдардагы абал кайталанып калбашы үчүн эркин журналистиканы сактап калуунун маанилүүлүгүн белгилейт.

— Азыр абал жакшы. Бирок тарыхта тастыкталгандай, жаңы бийлик келгенде сөз эркиндигине жана чогулуш эркиндигине мүмкүнчүлүк берет. Бул нерсе мурдагы бийликтерде да болгон. Эгерде 1-2 жылдын ичинде сөз эркиндиги жакшы түптөлүп калбаса, бул көрүнүштү жоготуп алуубуз мүмкүн. Анткени, жаңы келген бийлик мүмкүнчүлүктү өзүнүн бийлигин түптөп алганга чейин эле берет.  

Деген менен сөз эркиндигин коргоого багытталган тегерек үстөлдүн жүрүшүндө «Интерньюс» агенттигинин Кыргызстандагы директору Элина Карагулова: «Өлкөдө сөз эркиндиги жакшы көрсөткүчкө жетти дегенге кошулбайм», — дейт. Мунун себебин акыркы учурдагы журналисттик иликтөөлөргө карата доо арыздардын көп болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

— Ооба, алдыга жылдык. Бирок 15 кадам алдыга жылсак, 15 кадам кайра артка кетип жатабыз. Биз ордубузда эле турабыз. Анткени, бир нерсени иликтеп чыга калса эле, доо арызга жыгышат. Бул туура эмес.

Белгилей кетсек, 1994-жылдан бери 3-май — Бүткүл дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнү катары белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM