Биз менен байланышыңыз

Каракулова: «Марал» радиосу жакшы жетишкендиктерди көрсөтүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Сен 2019 | 842 | 0

«Марал» «Интерньюска»өнөктөш болгон 6 айда жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Мындай пикирин «Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Каракулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Медиа-К» долбоору көп компонентке ээ, дээрлик бардык индустриялык көйгөйлөрдү камтыйт. Ошол эле учурда өнөктөштөрдүн колдоосу кирет. Алсак, «Марал» өнөктөш болуп, 6 айда жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп келе жатат. Бул бир гана технологиялык жаңылануу эмес, тайпалар менен иштейбиз. Биз алгач кайда баратканыбызды, ал медиада эмне болуп жатканын билишибиз керек. Анткени ресурстар чектелүү», — дейт Каракулова.

Анын айтымында, «Интерньюстун» максаты: сапаттуу, так маалымат таратууда ЖМКны колдоо, жарандык коомго жардам берүү. Мамлекет ийгиликтүү, баары ачык-айкын иштесе, глобалдык көрүнүшкө чагылышат.

«Биздин базар эл аралык жарнама берүүчүлөргө жабык. Анткени, ким эмне көрүп жатканы, кандай инвестиция салары түшүнүксүз. Анык ченемдер жок болгондуктан жалпы көрүнүш жок. Атаандаштык күчөдү. Каржылык себептерден улам мыкты контент түзө албайбыз, кээ бир жерде кадрлар жетишпейт. Мындан улам биз контенттик багытта да колдоо көрсөтөбүз», — дейт Каракулова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM