Биз менен байланышыңыз

«Siena Awards» жылдын мыкты сүрөтүн аныктады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 573 | 0

Франциянын океан фотографы Грег Лекердин эмгеги «Siena International Photo Awards-2020» эл аралык сүрөт сынагында «Жылдын мыкты сүрөтү» аталды.

«Siena International Photo Awards» (SIPA) Эл аралык сүрөт сынагы 2015-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ага курамына белгилүү фотограф, редактор, сүрөт жыйноочулар кирген эксперттер тобу баа берет.

Бул жылы эскперттерге 156 өлкөдөн 48 миң сүрөт келип түшкөн. Калыстар тобу алардын ичинен 18 сүрөттү тандап алган.

Сыйлыкка ээ болгон жапайы табият жана океан фотографы Лекер бул сүрөтүн Антарктидада тарткан. Ал океандардын экологиялык жактан коргоого муктаждыгын көрсөтүп, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган илимий долбоорлорго ар дайым катышып келет.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган сүрөт сынагы «Siena Awards’дын» кеңири долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор сүрөт тартууга гана эмес, глобалдык байланышка, маданий алмашууга жана өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон дүйнөдөгү адамдарды искусствого чогултууга багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM