Биз менен байланышыңыз

Кайрат Кыргыз: Картайганда да сулуу бойдон калам

Көңүл ачуу , Марал шоу | 10 Ноя 2020 | 1753 | 0

Кыргыз эстрадасында өзгөчө стилге ээ Кайрат Кыргыз мурун фольклор ырчысы катары таанылып жүргөн Кайрат Салмакеев экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Аталган ырчы «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына келип, чыгармачылыктагы жаңылыктары тууралуу  чакан  маек курду.

— Сиз чет өлкөлөрдөгү кароо-сынак, фестивалдарга көп катышасыз. Ал тараптан  сиздин дарегиңизге кандай сөздөр айтылат? Негизи эле  Кыргызстандын шоу-бизнес, маданиятына чет өлкөлүктөр кандай көз карашта?

— Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстан фольклор тармагында алдыда турат. Кайсыл фестивалга барбайлы, биздин формаларыбызга, бийлерибизге, ырларыбызга болгон кызыгуулары күч болуп, биз жайгашкан отелге чейин келип, сүрөткө түшүп кетишет. Кыргызстан келет дегенде эле бүт баары күтүп, чоң масштабдагы аншлаг менен тосуп алышат.

— Келе жаткан жылга кандай пландарыңыз бар?

— Фестивалдарга катышканды жакшы көрөм. Баары эле: «Фестивалга акча коротуп  кереги жок», – деп ойлошот. Андай эмес, ошол аркылуу барган өлкөнүн тарыхый, маданий жайларын кыдырып, элинин тарыхы, маданияты менен таанышып, көргөн нерселеримди бул жакка алып келип, тажрыйба катары бөлүшүп турам. Конкурстарды көп уюштуруп жатканымдын себеби да — ошондон.

— Ырчылык өнөрдүн жаман, жакшы жактары?

— Жаман жактары жок, жакшы жактары бар. Экономика эле дей бербей, маданиятты кошо көтөргөнгө аракет кылыш керек да. Маданияты жок эл болбойт, эгер маданият жок болсо, анда Кыргызстан да жок болот.

— Кайрат мырза, стилди өзгөртөсүзбү?

— Кандай көрсөңүздөр, ошондой эле. Негизи мен сулуумун жана картайганда да ушул абалымда сулуу боюнча эле калам. Ал эми чыгармачылыктагы өзүмдүн деңгээлимди билем, туура жолдомун.

Copyright © 2017 Maral FM