Биз менен байланышыңыз

Токаев Жо Байденди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 275 | 0

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Жо Байденди жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн «Твиттер» баракчасына жазды.

«Жо Байденди Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эки мамлекеттин ортосунда эки тарапты кызыктырган тармактарда жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз» , — деп жазган Токаев.

Ошондой эле Байдендин жеңиши менен бир катар дүйнө лидерлери куттукташты, алардын арасында Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон, АКШнын экс-президенти Барак Обама жана башкалар бар.

Белгилей кетсек, Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоо 3-ноябрда болуп өткөн. Бул жолку шайлоодо көпчүлүк почта аркылуу добуш бергени үчүн аларды эсептөө убакытты көп алганы айтылууда.

Жо Байден АКШнын 59-жолу өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоосун жеңип, өлкөнүн 46-президенти болду. Ал эми Дональд Трамп АКШ тарыхындагы бир гана мөөнөт (4 жыл) иштеген президент болуп калмакчы. Байден учурда 78 жашта.

Copyright © 2017 Maral FM