Биз менен байланышыңыз

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу тазаланууда

Кыска кабар | 11 мая 2024 | 350 | 0

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун жер көчкү түшкөн тилкеси тазаланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

10-майда саат 21:00-22:00 чамаларында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 354-тилкесинде жер көчкү жыла баштап, азыркы учурга чейин уланууда.

«Жер көчкү акырындан жылып отуруп, жолду жаап калган. Бүгүн жерине атайын техникалар жана жолчулар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда каттам бир тараптуу ачык. Бирок, азыркы тапта да жер көчкү акырындап жылып жаткандыгына байланыштуу кийинки аракеттер  кырдаалга жараша болмокчу.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аталган участокто этият болууга жана келип жаткан маалыматтарга көңүл бурууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM