Биз менен байланышыңыз

Чолпон Алсеитова: Бардык көйгөйдү жакшы сөз менен чечсе болот

«Мен жана мезгил» программасынын бул жолку коногу таланттуу инсан, мукам үндүү ырчы Чолпон Алсеитова болду.

— Бир кездерде Чолпон Алсеитова деген ысым ушунчалык катуу дүңгүрөгөн. Чоң сахнанын астанасын аттаган жылдары канча жашта элеңиз?

— Ыр дүйнөсүнө негизи 3-классымда аралаштым. Ошол кездерде эле кичинекей балдарга арналган ырларды ырдабастан, атагы алыска тараган белгилүү чет мамлекеттин жылдыздарынын ырларын ырдачумун. Эстрада жанрына көбүрөөк басым жасайт элем. 1986-жылы окууну аяктаарым менен ата-энемдин каршы болгонуна карабай көгөрүп отуруп, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына окууга тапшырганы келдим. Бир күнү «Ариет» деп аталган ансамблге кыздарды издеп жатышканын угуп, кастингге катыштым. Үнүмдү угуп көрүшүп, жөндөмү бар экен деп, топко солист кылып алышты. Ал кезде 17 жашта элем. Эстрада жанры токтоп калганды сүйбөйт экен. Жаштардан калышпай, аракет кылып жатабыз. Азыр мурун ырдалып, көмүскөдө калып калган ырларды шөкөттөп, жаңы стиль менен жубайым Аскар Карыбаев экөөбүз алып чыгалы деп пландап жатабыз.

— Мүнөзүңүз кандай?

— Бир туугандардын арасынан менин мүнөзүм шайыр, жашоого позитив көз караш менен карайм. «Баары — Жараткандын буйругунан» — деген ураанды туу тутуп жашайм. Кайненем: «Бала эле бойдон, ичинде кири жок», — деп калчу. Учурунда: «И-и мени эмнеге бала бойдон деп атат? Мени кичинекей деп атабы?» — деп туура эмес түшүнүптүрмүн. Азыр баары мени сыйлашат.

— Чыгармачыл аялзаты үчүн турмушун да, чыгармачылыгын да бирдей алып кетүү оор чыгар…

— Оор жагы да, жеңил жагы да бар. Жубайым чыгармачыл инсан болгондуктан, мага жеңил болду. Анын үстүнө менден бир топ жаш улуу. Мындай үй-бүлөнүн ортосунда сый-урмат жакшы сакталат экен. Өзүм теңдүүгө турмушка чыксам, балким атаандашуу, талашуу көп болмок болуш керек. Аялзаты негизи, сабырдуу, акылдуу болушу керек. Бардык көйгөйдү жакшы сөз менен ынтымакта чечсе болот.

— Чыгармачыл жубайлардын балдары да таланттуу болсо керек…  

— Албетте. Улуу балабыз аранжировщик, улуу кызыбыз ырдап жүрүп, кийин таштап салды. Күйөө балам каршы чыккан экен. Экинчи кызым жолдошу экөө дуэт жаздырып, ырдап жүрүшөт.

— Ырдагандан башка да кандай өнөрүңүз бар? 

— Мурун курак курап, токучумун. Азыр таштап салдым. Анан ашканада мыкты кожейкемин. Ооз комуз чертем, пианинону такыр үйрөнө албай койдум.

Copyright © 2017 Maral FM