Биз менен байланышыңыз

Ак үйдөн Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрү уурдалды

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 957 | 0

6-октябрдагы башаламандыкта Ак үйдү «басып алгандар» белгилүү актер, сүрөтчү, каскадер Сүймөнкул Чокморовдун «Ажайып табияттагы кыргоол» жана «Гүлдөгөн мезгил» аттуу эки картинасын уурдап кетишкен. Бул тууралуу актердун бир тууганы Сүйөркул Чокморов «Марал» радиосуна кабарлап, сүрөттөрдү табышуу боюнча элден жардам сурады.

— Сүймөнкул Чокморовдун жасаган эмгектерин экс-президент Сооронбай Жээнбеков абдан баалачу. Буга чейин эстелик тургузуу максатында марафон өткөргөндө да жардамын берип, колдоо көргөзгөн. Кийин президент болуп келгенде 80 жылдык мааракесинде куттуктоо сөзүн сүйлөп кеткен эле. Кийинчерээк сүрөт көргөзмөсүн өткөрдүк, экс-президент ага да катышып, сүрөттөрүн көрүп кеткен экен. Ошондо жоголду делген эки сүрөттү Ак үйгө алдырса керек. Анын уурдалганын мага Маданият министрлигинде иштеген кызматкер айтты. Шляпа кийген бала көтөрүп бара жатканы видеокөзөмөлгө түшүп калыптыр. Эми элге кайрылат элем, ошол эмгектерди кайтарып беришсе жакшы болмок. Ким алса да, мага же маданият министрлигине кабарлашып койсунчу. Жаштарга бир аз капамын, ал жакты талакалап, сындырып, уурдагандан эмне пайда табышты? 

6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы уюштурулган нааразылык акциясы башаламандыктар менен коштолуп, толкуган эл Ак үйдү басып алган. Анда көптөгөн баалуу буюмдар жоголуп, документтер өрттөлүп, эмеректер талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM