Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирустун рекорддук саны катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 360 | 0

Орусияда акыркы бир суткада 16 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу инфекциянын жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

«Акыркы 24 сааттын ичинде Орусиянын 84 аймагында 15 миң 982 адамдан коронавирус аныкталды», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө. Бул — пандемия башталгандан берки эң жогорку рекорддук көрсөткүч.

Буга чейин 9-октябрда 12 миң 126 адам катталып, эң жогорку чеги деп белгиленген. Ал эми 11-майда эң жогорку чеги делип, 11 миң 656 адамдан оору аныкталгандыгы белгилүү болгон.

Ошол эле учурда акыркы 24 саат ичинде Орусияда коронавирустун айынан 179 адам каза болуп, пандемия башталгандан бери жалпы каза болгондордун саны 24,3 миңден ашты.

Мындан сырткары, 1 миллиондон ашуун адам коронавирустан айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM