Биз менен байланышыңыз

Өнөрдөгү өкүл аталар милдеттерин билеби?

Кыргыз элинде өкүл ата жана өкүл энени дайындоо жөрөлгөсү кылымдардан бери уланып келет. Дал ушул өкүл ата менен өкүл эненин аткара турган кызматын өнөр ээлери канчалык деңгээлде билет, жообун угуп көрөлү:

Аскат Мусабеков, ырчы

— Биз өзүбүз деле кечээ күнү гана өкүл ата, өкүл апа болуп шайландык. Алгачкы жолу өкүл ата болуп турган учурум, колдон келишинче ырым-жырымдарды жасап, кызматыбызды кылабыз. Тааныбаган адам болсо деле кабыл алам го, себеби баш кошулган жакшы нерсе да. Бул да болсо, «Жакшылыктан эч качан баш тартпаш керек» деп коёт го. Менин өкүл атам — Сыймык Бейшекеев, жыйырма төртүнчү өкүл баласы болгом.

Алтынбек Каленов, ырчы

— Милдеттери көп да, анан негизгилерин айта турган болсом, өкүл ата менен өкүл эне эки жаштын ортосунда түшүнбөстүктөр жаралаганда — ата-энесине жеткирбей табыштыруу, көйгөйүн чечүү да. Мындан тышкары бала менен кыз ата-энесине айта албаган нерсени ошол өкүл атасы менен өкүл энесине айтат. Менин алты өкүл балам бар, Кудайга шүгүр, баары менен катташып турам, ал эми өзүмдүн өкүл атам — КР эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев.

Замир Арыкбаев, ырчы

— Кыргызда өкүл ата, өкүл энени эмне үчүн шайлайт? Ошол жаштарга үлгү болсун, ата-энесине айта албаган кептерин ошол кишилерге айтып, кайрылып, кыйын кездерде жардам берип, акылын айтып, жамандыкта дагы, жакшылыкта дагы сыйлашып, катташып турган, үлгү боло турган кишилерди коет  негизи. Ата-энеден кийинки эле акыл-насаат айта турган адамдар ушул кишилер болот да. Менин өкүл атам мен өкүл ата кылып шайлагандан кийин эле көзү өтүп кеткен, азыркы учурда өкүл атам жок. Көпчүлүк учурда тааныбаган адамдар келип эле өкүл ата коём деп калат. Ал учурда баш тартканга туура келет. Таанып-билип койгон жакшы да. Өзүмдүн өкүл балдарым менен катташып, байланышып турабыз.

Дайыр Исмадияров, ырчы

— Өкүл ата эки жашты каржылык жактан гана эмес, моралдык жактан дагы колдоо үчүн коюлат. Эгерде ич ара келишпестиктер болсо, ошол маселесин чечип бергенге аракет кыласың. Менин үч өкүл балам бар, бирөөсү чет жакта болгондуктан, катташым жакшы деп айталбайм, ал эми бул жактагы эки өкүл балама аталык болбосо дагы, агалык милдетти аткарып турам. Ал эми материалдык байлыкка карап эле койгон кишилердин мамилеси анчалык жакшы болбойт. Дайыма каржылык жактан жардам бере албайт да, өкүл бала деле дайыма акча сурай албайт дегендей, өкүл атаны эки жаш өздөрү тандаганы туура.

Манас Алыкулов, шоумен

— Өкүл ата деген — бул: биринчиден, акыл-насаат, кеңешин айтып турган адам да. Өзүмдүн өкүл атам — белгилүү актер Эркин Эгембердиев. Бала кезден эле мага жакчу, анан атам да илгери эле: «Балама өкүл ата болосуң», — деп айтып коюптур. Менин агам, ырчы Сыймык Бейшекеевдин кырк алты өкүл баласы бар, «Жамандык-жакшылык болот, баарына кантип жетишесиз?» — деп кызыгып сурасам, «Бул балдар жүз элүүдөн ашык баланын ичинен тандалып алынган, баарына жетишсе болот», — дейт. Бирок мен келечекте анчалык көптү каалабайм. Жетиге чейин  болсо, тааныбаган адам келип эле «сизди өкүл ата коём» десе, мен баш тартмакмын. Азыркы учурда өкүл ата коем деп жүргөн эки бала бар, бирөөсү Жалал-Абаддан бери келип, кандай учур болбосун жардамдашып, кол кабыш кылып турат. Мен ал баладан баш тарта албайм, экинчиси коңшу бала, кичинесинен бери эле: «Сизди өкүл ата коем», — деп айтып жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM