Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 344 | 0

Акыркы суткада Тажикстанда коронавирус жугузган 38 бейтап катталды. Бул тууралуу COVID-19 оорусу боюнча бирдиктүү тажик порталында жазылды.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 45 бейтап айыгып, ооруканадан  чыгарылды, өлүм катталган жок.

Тажикстанда бул илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 10 миң 260 адамга жетти. Алардын ичинен 9103 бейтап айыгып, 79 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM