Биз менен байланышыңыз

Коронавирус адамдын терисинде канча убакыт жашаары аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 802 | 0

Япониянын Киото медициналык университетинин окумуштуулары коронавирус адамдын терисинде канча убакыт жашай аларын аныкташты.

Окумуштуулар адамдын терисине кирген коронавирус 9 саатка чейин кооптуу экенин  айтышат. Бул — коронавирус сасык тумоо (грипп) вирусуна караганда 5 эсе көп убакытка жашарын билдирет.

Мындай натыйжалар эксперименттердин жүрүшүндө алынган. Тактап айтканда, адамдын терисине 100 миңден ашуун коронавирус жана сасык тумоонун вирустары жайгаштырылып, алар канча убакытта жоголору изилденген.

Сасык тумоонун вирустары 1-2 сааттан кийин жок болуп кеткен. Коронавирус айрым учурларда адамдын терисинде 11 саатка чейин, орто эсеп менен 9 саат бою сакталган.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 80 % этил спиртин колдонуу теридеги вирустарды 15 секундада жок кылат. Эгерде колду 15 секунд самын менен жууп, андан кийин 10 секунд бою агын сууда чайкаса, анда вирустун баштапкы көлөмүнүн 10 миңден бир бөлүгү гана калат. Крандын суусу менен жууганыңыздын өзү вирустардын жүздөн бир бөлүгүнүн калуусуна алып келет.

Буга чейин коронавирус банкноттордун жана смартфондордун беттеринде бир айга чейин калышы мүмкүн экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM