Биз менен байланышыңыз

ИИМдин биринчи орун басары жарадар болгон кызматкерлерден кабар алды

Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 532 | 0

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министрлигинин госпиталына барып, 4-5-октябрь күндөрү өткөн митинг учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын сурады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле ал ИИМдин жетекчилиги керектүү жардам бере тургандыгын билдирди.

Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин бейтапканасында жаткан кызматкерлер менен жолугушуу учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түздөн-түз кызматтык милдеттерине аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM