Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 664 | 0

Бүгүн, 11-октябрда Тажикстанда президенттик шайлоо башталып, өлкөдө 3 414 добуш берүү участогу ачылды. Бул шайлоо көз карандысыз Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо болуп саналат.

Тажикстанда президенттике беш талапкер ат салышууда. Алар: Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев.

Шайлоонун жүрүшүнө ЕККУ, КМШ жана ШКУ уюмдарынан келген эл аралык байкоочулар көз салып турат.

Бул жолку шайлоону Тажистандын Борбордук шайлоо комсиссиясы убактысынан бир ай мурда белгилеген. Анда дүйнөнүн 29 өлкөсүндө жүргөн тажикстандыктар дагы добуш бере алат.

2016-жылдын 22-майында өткөн бүткүл элдик конституциялык референдумдун жыйынтыгынан кийин, Тажикстандын президенттигине кайрадан шайлоонун санына коюлган чектөөлөр алынып салынган жана президенттикке талапкер болгондордун жаш курагы 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтүлгөн.

Тажикстандын Конституциясынын 66-беренесине ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан көбү катышса, президенттик шайлоо өттү деп эсептелет.

Катышкан шайлоочулардын 50%дан көп добушуна ээ болгон  талапкер президенттикке шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM