Биз менен байланышыңыз

Люстрация, импичмент, ОПГ — түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 870 | 0

Люстрация — бул: мыйзам. Люстрация сөзү кыргызча «тазалануу», же болбосо «кулакка тартуу» деген маанини түшүндүрөт. Тагыраагы, бийликти тазалоо.

Люстрация — өлкөдө бийлик кулагандан кийин чиновниктерге арналган жазанын бир түрү. Ал эски режимдеги таза эмес атка конгон же такыр иш кылбаган адамдардан өч алуу болуп саналат. Жаңы бийлик эски бийлик үчүн активдүү иштегендердин ишин улантуусуна жана мамлекеттик иш орундарга келүүсүнө тыюу салат.

Бийликти тазалоо (люстрация) мыйзамда аныкталган негизде же соттун чечими менен ишке ашырылат. Люстрация – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестри боюнча саясий, атайын мамлекеттик, саясий муниципалдык кызматта иштегендерге тийиштүү.

Мыйзам жогорку кызматтарда, жалпысынан бир жылдан кем эмес иштегендерге төмөнкү учурда колдонулат, эгерде  кызматкер:

  1. Жарандарынын конституциялык укугун чектесе;
  2. Бийликти узурпациялоого катышса же жардамдашса;
  3. Улуттук коопсуздукка коркунуч келтирсе;
  4. Аймактын бүтүндүгүн бузса;
  5. Улут аралык жанжалдарды уюштурса;
  6. Шайлоолордун жыйынтыгын бурмаласа;
  7. Жарандарга карата мыйзамсыз ыкчам–издөө ишин жүргүзсө;
  8. Жарандарга мыйзамсыз сот чечимин чыгарса;
  9. Коррупциялык системага салым кошсо жана кылмыштуу топторго аралашса;
  10. Мыйзамсыз байыса;
  11. Массалык маалымат каражаттарына цензура (чектөө) киргизсе;
  12. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген эл аралык келишимдерди ратификациялоого добуш берсе;

Люстрациялоого кабылган жарандар 10 жылга чейин мамлекеттик кызматтарга келүү, окуу жайларда сабак берүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында иштөө укугунан ажыратылат.

Импичмент – иштеп жаткан президентти кандайдыр бир кылмыш жасаганын далилдеп, ошого байланыштырып, мөөнөтүнөн мурда кызматынан четтетүү.

Демилгечи топ Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмес болушу керек. Алар комиссия түзүүгө милдеттүү. Кылмыш жасаганы чынбы же жокпу, ошол комиссия жыйынтык чыгарышы керек. Мунун негизинде депутаттардын көпчүлүгү импичмент процедурасын баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы керек.

Көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынгандан кийин үч айдын ичинде депутаттардын үчтөн экиси же андан ашыгы добуш берүү аркылуу импичмент жарыяласа болот.

ОПГ — организованные преступные группировки, кыргызчасы: УКТ — уюшкан кылмыштуу топ.

Copyright © 2017 Maral FM