Биз менен байланышыңыз

Люстрация-популизм өңдөнгөн убада

Саясат | 25 Сен 2020 | 272 | 1

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өз программаларын толук жарыялашты. Жарыяланган  программалардын арасында «Реформа», «Социал демократтар» жана «Чоң казат» саясий партиялары  «люстрацияоо» демилгесин көтөрүп чыгышты. Азыркы бийлик люстрациялоого муктажбы жана муну ишке ашыруу канчалык мүмкүн? Же бул жөн гана популисттик кадамбы? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Люстрация — бул мыйзам. Люстрация сөзү кыргызча «тазалануу», же болбосо, «кулакка тартуу» деген маанини түшүндүрөт. Бирок бул мыйзамды кабыл алууда тең укуктуулук бузулат деп да айткандар бар. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 20-беренесинде «Дискриминация болбош керек, бирок мамлекеттик жана муниципалдык кызматта турган адамдарга карата чектөөлөр болушу мүмкүн» деп жазылып турат. Демек, Баш мыйзам люстрацияга жол берет. Бул жол аркылуу коррупцияны жоюуга болот деп айтышат саясат талдоочулар.

Парламенттик шайлоого аттангандардан “Реформа” партиясы да өз программасында люстрация кыла турганын жазгандыгын партия лидери Клара Сооронкулова айтты. Алар алдын ала даярдап койгон мыйзам долбооруна ылайык, биринчиден парламенттин алкагында көз карандысыз парламенттик-коомдук комиссия түзүлүшү керек. Андан соң комиссия азыркы кызматта жетекчи жана орун басар позицияларында турган адамдар боюнча жана сот, тергөө, прокуратура жана УКМК тармагында бөлүм башчыларынын «люстрациялык тизмесин» түзүп, текшерүүдөн өтөт деп жазылган.

— «Люстрациянын кийинки багыты — мамлекеттик кызматка жетекчи органдарга конкурс аркылуу келгендер «люстрациялык текшерүүдөн» өтүп, комиссия корутунду чыгарып, анын негизинде кызматка алынат.

Үчүнчү багыты «мүлктүк люстрация» болот. Мамлекеттик муниципалдык кызматтагылардын бир туугандарын, жакындарын текшерип, айлыгы менен мүлкү салыштырылат» , — деди Сооронкулова.

Деген менен люстрация же саясий тазалоо иштерин жүргүзөм дегендер 2005-2010-жылдагы революциядан кийин да чыккан. Бирок ошондо колдоо таппай калган. Андан кийин Кыргызстанда люстрация боюнча биринчи мыйзам долбоору «Люстрация» элдик кыймылынын жетекчиси Лира Усубалиева тарабынан жазылып, бирок Юстиция министрлигинин текшерүүсүнөн өткөн эмес.

Бирок эксперттер партиялар мыйзамдарды айтканы менен аны ким жана кантип аткарат деген суроого жооп бербей жатышканын белгилешет. Саясат тануучу Эмил Жороев бул ишке ашырууга өтө татаал нерсе экенин эске салды. Муну колдонуу бир канча депутаттын демилгеси менен орундалышы кыйын дейт.

Өтө кылдаттык менен иштелип чыга турган татаал механизм. Коом ичинде көп жылдан бери бийликке келип, эч кандай жыйынтык алып келбей, бирок ошого карабастан бийликке умтулгандар бар. «Алардан арылсак жакшы болот эле» деген мүдөө өтө көп. Бирок аны ишке ашырууга келгенде партиялардын люстрация боюнча ойлорунда тактык, конкреттүү механизмдер жана критерийлер айтылбай келет. Бул маселени көтөрүп чыгып жаткан үч партиянын тең бийликке болгон нааразычылыгы бийликке түртүп жатат. Үч партия тең үч башка багыт менен келе жатышат, бирок ар биринде чыныгы дем бар. Бирок бул партиялар кошулганда деле саясий салмагы жок болуп жатат. Люстрацияны ишке ашыруу үчүн саясий басымдуулук кылган чоң бир коалиция болуш керек. 

Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова люстрациялоого ишенбей турганын айтып, бул шайлоо алдындагы жөн эле кыйкырык деп эсептейт.

Жогорку Кеңеш өзү тазаланбаса, кайдагы люстрациядан кеп салууга болот. Бул жөн эле шайлоо алдындагы, элдин добушун алалы деген кыйкырык.

Эксперттердин айтымында, люстрация мыйзамы акыркы 30 жылда бир канча мамлекетте ишке ашып, бирок ар башка өлкөдө ар кандай жыйынтык берген.

Эң биринчилерден болуп люстрация мыйзамы он беш Союздук республикаларда Прибалтикада ишке ашкан. Ошондой эле Украина «майдан» окуясынан кийин » бийликти тазалоо»  жана  «сот бийлигине ишенимди жогорулату жөнүндө» мыйзам кабыл алып, анын алкагында люстрация жүргүзүшкөн. Мындан сырткары Албания, Польша, Чехия, Армения жана Грузия люстрация жүргүзгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Минюра

    25.09.2020 12:37

    Эми биздикилер эптеп отуш учун ар демкени айтып жатышса керек. Бирок чындап ишке ашырып, коррупционерлердин 1-2 ну кулакка тартып, площадка коюп туруп, элдин козунчо атып салса, анан башкалар коркуп кичине эл учун кызмат кыла башташат беле… узулбогон умут. Кыргызстан да онугуп кетеер беле…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM