Биз менен байланышыңыз

Импичмент иши бүттү. Трамп ордун сактап калды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 1041 | 0

АКШ президенти Дональд Трампка коюлган айыптар жокко чыгарылып, Трамп кызматтан четтетилбей турган болду. Импичмент маселеси ушундай жыйынтык менен соңуна келди.

АКШ Сенаты президент Дональд Трампты актап чыкты. Ага коюлган «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүдө конгресске тоскоолдук жаратты» деген айыптоолор орунсуз деп табылды.

48 сенатор импичментти колдоп добуш берсе, 52 сенатор каршы болду.

Сенатта Трампка каршы болгон демократтар 47 гана орунду ээлеп, алардын баары импичментти жактап чыгышкан. Ал эми көпчүлүктү түзгөн республикачылардан бир гана Митт Ромни импичментти колдоду. Трампты кызматтан кетирүү үчүн демократтар добуштун үчтөн экисин алуусу, же 100 сенатордун 67си колдошу керек болчу.

Импичмент жарыялоо демилгеси− Трампка болгон ишенбөөчүлүк− анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.

Демократтар Дональд Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн учурдагы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айтып чыгышкан.

Ал башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, демократтар Трампты «чыккынчылык кылды» деп айыптаган.

Трамп өзү буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

Copyright © 2017 Maral FM