Биз менен байланышыңыз

АКШ Сенаты импичмент ишин жыйынтыктайт

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 661 | 0

АКШ Сенаты 5-февралда президент Дональд Трамптын импичмент маселесиндеги айыптоолордун негизинде добуш берет.

Буга чейин импичмент жарыялоо иши каралып жаткан Сенатта жаңы документтер менен жаңы күбөлөрдү кабыл алуу сунушу киргизилген болчу. Эгерде жаңы күбөлөрдү угууга макулдук берилсе, импичмент процесси дагы созулмак. Бирок бул сунуш көпчүлүктү түзгөн республикачылар тарабынан колдоо тапкан жок.

Эми бүгүн, 3-февралда Сенат акыркы жолу эки тараптын тең — Трамптын жактоочуларынын жана айыптоочулардын —  аргументтерин укмакчы. Андан соң, 5-февралда жыйынтыктоочу добуш берилет. Эксперттер белгилегендей, бул күнү президент Дональд Трамптын акталуусу күтүүлүүдө.

Учурда Трампка 2 айып коюлууда. Биринчиси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болсо, экинчиси – Трамптын өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратуусу.

Импичмент жарыялоо демилгеси− Трампка болгон ишенбөөчүлүк− анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.

Демократтар Дональд Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн учурдагы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айтып жатышат.

Ал башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, демократтар Трампты «чыккынчылык кылды» деп айыптоодо.

Трамп өзү буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

Copyright © 2017 Maral FM