Биз менен байланышыңыз

«Коомдук тартипти орнотуу үчүн 7 облустан Координациялык кеңеш түзүү керек»

Пикирлер | 9 Окт 2020 | 371 | 0

Коомдук тартипти орнотуу үчүн  «партия» деген «желекти» эч ким көтөрүп чыкпашы керек. 7 облустагы келечекти көрө билген адамдардан куралган Координациялык кеңеш түзүп, алар бир чечимге келиши зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Координациялык кеңешке партиянын жетекчилери кирсе болот. Партия лидерлери аянтка балдарды алып чыга бербей, отурушу керек. Ошондо коомдук тартип жөнгө салынат.

«2010-жылдагы төңкөрүшкө салыштырып карай турган болсок, тополоңдон кийин 17 сааттын ичинде тынчтык орнотконбуз. Ал эми бүгүнкү күндө тескерисинче, күчөгөндөн күчөп баратат. Жаштар курал болуп калууда. Мындан улам убактылуу партия дегенди унутушубуз керек. Келечекте партиялар жөнүндө мыйзамды оңдоп, Конституциялык реформага барышыбыз шарт», — дейт Мадылбеков.

Copyright © 2017 Maral FM