Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында учурдагы кырдаал талкууланды

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 489 | 0

Бүгүн, 10-октябрда Жалал-Абад шаардык Ички иштер бөлүмүндө учурдагы кырдаалды талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, ИИМдин ардагерлери жана күзөт кызматынын жетекчилери да катышып, өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу шаарыбыздын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча талкуу жүрүп, сунуш-пикирлер айтылды. Жалал-Абад шаардык ИИБнин начальниги, милициянын полковниги Эрнист Молдокеев күзөт кызматынын жетекчилерине кайтарган объектилерине сак болуусун, курал-жарак колдонууда этияттыкты сактоосун өтүндү. Ошондой эле массалык талап-тоноочулуктардын алдын алууда, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө ардагерлерди милицияга көмөктөшүүгө үндөдү.

Учурда Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын тыкыр көзөмөлүндө.

 

Copyright © 2017 Maral FM