Биз менен байланышыңыз

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 634 | 0

Мектеп окуучуларынын бүтүрүү салтанаттары, кечелерине байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Баш калаа Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 600 милиция тартылат.

Шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, ар бир мектепте, көңүл ачуучу борборлордо, сейил бактарда жана адамдар көп топтолгон жайларда кошумча кызматкерлер иш алып барышат.

Милиция ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдар менен алдын ала сүйлөшүп, бүтүрүү кечелеринде тартип бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM