Биз менен байланышыңыз

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 539 | 0

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу Кыргыз милициясы бүгүн, 30-декабрдан тарта 2020-жылдын 1-январына чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы билдирди.

Милиция жаңы жылдык майрам алдында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүп жатат. Өзгөчө мааниге ээ болгон, стратегиялык жана өзгөчө кайтарууга ала турган жайлар, жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынат.

Copyright © 2017 Maral FM