Биз менен байланышыңыз

Бишкекте милиция коомдук тартипти түнү бою көзөмөлгө алат

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 655 | 0

Бишкек шаарындагы коомдук тартипти милиция түнү бою тыкыр көзөмөлгө алат. Бул тууралуу митингге чыккандарды күч менен таркатып жатканда Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев журналисттерге билдирди.

Ал акциячыларды таратуу операциясында канча жаран кармалганы, канча милиция жаракат алганы тууралуу маалымат такталып жатканын айтты.

Азырынча так маалымат жок. Коомдук кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бардык иштер мыйзамдын чегинде каралат. Милиция түнү бою шаарды кайгуулга алат, — деди Алмаз Орозалиев.

Ал милиция элге карата таш урганы боюнча суроого жооп бере алган жок.

Эскерте кетсек, бүгүн камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун колдоочулары Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүшкөн. Акциянын белгиленген мөөнөтү саат 18:00дө бүткөнүнө карабастан чогулган эл Ак үй тарапка бет алган. Аларды милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери жолдон тосуп, ортодо кагылышуу чыкты. Эл милицияга карата таш ыргытып, милиция суу бүркүүчү унаа, кулак тундуруучу куралдарды пайдаланып, элди кууп таратты. Баш аламандык учурунда милиция кызматкерлери да элди таш менен урган фактылар болду. Бул журналисттердин түз алып берген видео-репортаждарында даана көрүндү.

Copyright © 2017 Maral FM