Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун саммити учурунда 4 миңден ашык милиция тартипти көзөмөлдөп жатат

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 539 | 0

Бишкекте Жамааттык Коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтүп жатканына байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Бул маанилүү саясий иш-чарага байланыштуу коомдук тартипти камсыз кылууга 4 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, кызматкерлерге ысык тамак берилип, жылынышы үчүн атайын жайлар уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM