Биз менен байланышыңыз

Эксперттер шайлоодон кийин нааразычылыктар күчөй турганын эскертет

Кыска кабар , Саясат | 2 Окт 2020 | 561 | 0

«Республика» партиясы Өзгөндө орун алган чырда тарапташы өлтүрүлгөнүн кабарлады. Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгы мушташтын шайлоого, саясий партиялардын ишине тиешеси жок экенин айтууда. Ал эми укук коргоочулар адам өмүрү барынан кымбат экенин эскертип, мындай окуялардан саясатка байланыштыруу, упай топтоо туура эместигин белгилейт. Экспреттер коомчулугу укук коргоо органдарынын шайлоого байланыштуу айрым мыйзамсыз аракеттерге көз жумуп коюушу, шайлоодон кийинки нааразычылыктарга себеп болорун, саясий чыңалуулар орун алышы ыктымал экенин айтып, коңгуроо кагышууда.


30-сентябрга караган түнү Өзгөн районунун Мырзаке айылында 1995-жылы туулган Замирбек Ормон уулу аттуу жаран мушташтан каза тапты. Жакындары анын «Республика» партиясына үгүт жүргүзүп иштегенин айтып чыгышты.

Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев чырдын шайлоого, саясий партиялардын ишине тиешеси жок экенин билдирди. Анын маалыматында, Замирбек Ормон уулу «Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын «Республика» партиясынын үгүтчүлөрүнө ижарага берилген. Ормон уулу айдоочу катары досу экөө үн чыгаруучу аппарат менен иштеп жүргөн.

Чырдын себеби, алкоголдук ичимдик ичкен эки адам пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада 1996-жылы туулган жаран Ормон уулун бычактап жиберген. Кылмышка шектүү адамдын бир да партияга тиешеси жок экени аныктаган.

— Чыр чыккан жерде 5 бала болгон. Алар досунун жакынкы күндөрү өтө турган тоюуна даярдыктарды талкуулап, кеңешип жатып уруша кетишкен. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси, «Киши өлтүрүү», боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилди. Бүгүн анын анын баш коргоо чарасы каралат. Ал эми окуяга катышкан жалпы күбөлөрдүн бары суракка чакырылып, териштирилип жатат. Маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгын күтүп турабыз. 

«Республика» партиясы 1-октябрда тараткан билдирүүдө өлтүрүлгөн Замир Ормон уулу партиянын тарапташы болгону айтылды.

Партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржанов Ормон уулу партиянын тарапташы болгонун, үгүт иштерине катышып жүргөнүн, ал эми кылмышка шектүү жаран “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тарапташы болгонун билдирди. Бул үчүн жетиштүү далилдер бар экенин белгиледи.

Мындан сырткары, партиянын тарапташтарына басым-кысымдар көп болуп, бирок кылмыш иши талаптагыдай иликтенбей, тийиштүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары көрсөтүлүп жатканы кошумчалады.

— Өзгөндөгү окуянын шайлоого тиешеси бар. Биз маркум «Республика» партиясынын тарапташы экенин айтып жатабыз. Ал үчүн далилдер бар. «Мекеним Кыргызстандын» тарапташынын да үгүт иштерине катышып жүргөн сүрөттөрү бар. Анан кантип окуяны шайлоого тиешеси жок деп айтууга болот? Чырга балдардын мамилеси себеп болуп жатат. Биринчи, «Мекеним Кыргызстанга» жардам берет. Кийинчерээк ал жактан кандайдыр бир себептерге байланыштуу кетип калып, бизге кошулат. Ошонун айынан эки достун (же тааныштын) ортосунда чыр чыгат. Укук коргоо органдары бир тараптуу карап коюуда. Маселелердин баарын үй-бүлөлүк кылмыштын катарына чыгарып коюшууда. 

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы окуяга тиешеси жок экенин айтып чыкты.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова мындай окуяларды саясатка аралаштырбоо керектигин белгилейт. Анын айтымында, партиялар тарапташтарын коопсуздугун камсыздап, саясий жолго алып чыкканда көзөмөлгө алышы керек.

— Окуяны саясатка байланыштуруу туура эмес. Упай топтоо, саясий аброюн жогорулатуу маселеси адам өмүрү менен байланыштырбашы керек. Анткени адам өмүрү кайталангыс. Мындай окуяларда саясатан бийик болушубуз кажет. Ар бир саясий партия тарапташтарынын мыйзамдуулугун, укуктарын коргоп, түшүндүрүшү керек. Азыр партиялар кыйкырык, ызы-чууга алдырып коюп жатышат. 

«Республика» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржанов укук коргоочунун оюу боюнча төмөнкүдөй коментарий берди.

— Кооопсуздукту камсыздоо дегенде биз урушка бара жаткан жокпуз да, шайлоого баратабыз. Күзөтчү коё албайбыз. Коопсуздукту камсыздоо үчүн компетенттүү органдар бар. Аларга кайрылып сурап, өздөрүнө түшүндүрмө берип жаттык. Бизде укуктук жактан камсыздоо жагы гана бар. 

Өзгөндөгү окуя катталган факты, катталбай калган мыйзам бузуулар да көп. Ага укук коргоо органдары көз жумуп коюуда. Бул аракеттер шайлоодон кийинки саясий чыңалууларга негиз болу жатат. Өлкөнүн келечегине кайдыгер караган укук коргоо органдары бизге керекпи? Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары чырларга жол бербей, алдын-ала даяр турушу керек болчу. Эми президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодон соң Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, аталган органдардын калпыстыктарды коё бергенине баа бериши зарыл. Радикалдык чечимдерди кабыл алып, сөзсүз чара көрүлүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутататы Туратбек Мадылбеков билдирди.

Ал шайлоодон кийин нааразычылыктар күчөшү мүмкүн экенин эскертти.

— Паракорлор менен уюшкан кылмыштуу топтордун кол кармашып, 5-6 партияда талапкер катары шайлоого аттанышы элдин кыжырын келтирүүдө.  Эгерде ошол талапкерлер Жогорку Кеңешке келип калса, элден нааразычылык күчөйт. Мындан сырткары, добуштарды сатып алуулар да чыңалуулага негиз. Шайлоодо утулуп калган партия ушулар маселелерди айтып чыгат. Буга кошумча митингдерди өткөрүп, сөз чыгарган кырдаалга барат. Бул КР үчүн өтө кооптуу. Ошондуктан укук коргоо органдары буга сөзсүз даяр турушу кажет.  

Республиканын маалыматына караганда, үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, уруп-сабоо, өлтүрүү фактылары аныкталды. Партия кылмыштарга байланыштуу укук коргоо органдарынан объективдүү иликтөө жүргүзүүнү, Башкы прокуратурадан тергөөнүн жүрүшүн өзгөчө көзөмөлгө алууну, ал эми БШКдан шайлоо мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM