Биз менен байланышыңыз

Акылбек Сариев: Жапаровдун үгүт ишине карата айтылган сындар каралат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Янв 2021 | 848 | 0
Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Каракол шаарында эл менен жолугушуусу учурунда тартылган сүрөт

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусунда эл менен жолугушуусу учурунда болгон аракеттерге карата айтылган сындар Борбордук шайлоо комиссисынын отурумунда каралат. Азырынча бул маселе отурумга чыга элек.

Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлерге спорттук жана маданий иш-чара уюштурууга тыюу салынган.

«Буга чейин талапкер Адахан Мадумаров боюнча да бир жагдай болгон. Ал жашы жете элек кызды үгүт иштерине катыштырган. Бул маселени жумушчу топ БШКнын отурумуна алып чыккан. БШКнын мүчөлөрү эмнегедир оюн өзгөртүп, талапкерге эмес, белгисиз жаранга чара көрүү чечимин кабыл алышкан. Мен каршы болгом. Садыр Жапаровдун маселеси да ушундай болуп кетпесе экен деген оюм бар», — дейт Сариев.

Ал БШК коллегиалдуу орган экенин белгилеп, айрым учурда негизсиз чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Каракол шаарында эл менен жолугушуусунда театралдаштырылган көрсөтмө коюлуп, анда Жети акенин кийимин кийген актерлор талапкерге бата бергени айтылган. Интернетте сүрөттөр тарап, кызуу талкууга алынган.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежеси бир нече ирет бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга да укуктуу.

Copyright © 2017 Maral FM