Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Орусиядагы жарандарын шайлоого активдүү катышууга чакырат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 315 | 0

Тажикстандын Москвадагы элчиси Имомуддин Сатторов 11-октябрда Тажикстанда өтө турган президенттик шайлоого карата медиа-брифинг өткөрдү.

Тажикстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, журналисттерге шайлоого даярдыктар, анын ичинде Тажикстандын партиялары жана коомдук бирикмелери тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалымат берилди.

Брифингдин жүрүшүндө элчи Тажикстандын Орусиядагы жарандарын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүндө өткөрүлө турган шайлоого активдүү катышууга чакырып, жогоруда аталган бардык аймактардагы тилкелер шайлоо өткөрүүгө толук даяр экендигин маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM