Биз менен байланышыңыз

Владимир Путин 68 жашка толду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 396 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 68 жашка толду. Ал 1952-жылы 7-октябрда Ленинградда төрөлгөн. 1975-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин  юридика факультетин аяктаган.

Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келе жаткан Путин тууралуу кызыктуу фактылар:

-Маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин жан сакчысыз жүрбөйт;

-Бир дагы социалдык тармакка катталган эмес. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктар менен жардамчылары тарабынан иргелип, даярдалган материалдар аркылуу таанышат;

-Классикалык музыканы жакшы көрөт. Узак жолго чыкканда дайыма классикалык музыка угат;

-Англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөт, саатты дайыма оң колуна тагынат;

КМШнын президенттери: кимиси канча жашта?

Copyright © 2017 Maral FM