Биз менен байланышыңыз

Ошто митингге келгендер экиге бөлүнүштү

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 715 | 1

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарында президенттин тарапташтары Бишкектеги митингге каршылыгын билдирип чогулушкан болчу. Келген элдин пикири бир болбой, эки жаатка бөлүнүп кетишти. Абалды коомдук активистер «Фейсбук» баракчасы аркылуу түз алып беришүүдө. Видеодогу билдирүүлөр боюнча митингге келгендердин бир бөлүгү президент Сооронбай Жээнбековду колдоп, анын ыймандуу президент катары сыпаттап, президент мыйзамдуу жол менен алмашуусу керек экенин билдиришүүдө.

Ал эми экинчи тарап шайлоонун ыплас өткөнүн айтышып, нааразычылыктарын билдирип, Бишкектегидей бийлик орношу керектигин айтышууда.

Ошол эле учурда эки тараптын ортосунда микрофон талашуу да болуп жатат.

Митингге катышкандардын саны болжол менен миңдей адам экендиги да айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM