Connect with us

Парламентке өткөн партиялардын берген убадалары

Кыска кабар , Саясат | 5 Окт 2020 | 1380 | 0

Кыргызстанда кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо болду. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча төмөнкү партиялар жети пайыздык босогодон өттү:

  • «Биримдик» — 24,53 пайыз;
  • «Мекеним Кыргызстан» — 23,90%;
  • «Кыргызстан» — 8,74%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» 7,09%.

Бул партиялар кандай программа менен бийликке келгени, шайлоо алдында элге берген убадалары тууралуу алдыда кеп кылабыз:

Парламенттик шайлоо үчүн уюштурулган шайлоо тилкелеринин 97,62 % болжолдуу жыйынтыгы менен «Биримдик» партиясы добуштардын 24,53 %ына ээ болду. Болжолдуу эсеп боюнча, партия 46 мандат алары күтүлүүдө.

«Бүгүнкү күндө биз – калктын кирешесин кантип көтөрүүнү билген жалгыз партиябыз» деген «Биримдик» партиясы бул үчүн эч ким билбеген кайсы ыкманы колдонмокчу?

Партиянын айтымында, буга чейин согуштан кийин бат бутуна турган Германия, Япония, Түштүк Корея өлкөлөрүндө жана заманбап мамлекет катары Кытай менен Малайзияда натыйжа берип, өзүн көрсөтө алган так, анык болгон экономикалык программа колдонулат.

Муну менен учурда калктын жашоо минимумун түзгөн 78 % көрсөткүчтү 5 жыл аралыгында 10-15 %га түшүрүүнү убада кылган. «Биримдиктин» дагы башка убадаларын бул жактан окуй аласыздар:

«Биримдик» — калктын кирешесин кантип көтөрүүнү билген жалгыз партия

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары менен 23,9% добуш топтогон «Мекеним Кыргызстан» партиясы Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын ичинен 45 мандатка ээ болушу мүмкүн.

Бул партия  үгүт ишин «Биз амбициялуу убадалардан алыспыз», — деп баштады. Бир өлкөдө бир салык болушу керек, 120 депутатты азайтуу деген сыяктуу убадаларды беришүүдө. Толук маалымат төмөнкү шилтемеде:

Депутаттардын санын 2 эсеге кыскартабыз деген “Мекеним Кыргызстан”

Ошондой эле алдын ала болжолдуу жыйынтык боюнча «Кыргызстан» партиясы 8,74% добушка ээ болду. Бул партия парламенттеги 16 мандатты ээлеши мүмкүн.

Бул партияны айтканда, дароо эле программасында камтылган «Балага сүйүнчү» эске келет. «Кыргызстан» партиясы жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул төлөөнү 50 000 сомго чейин жеткирүүгө убада берүүдө. Мындан сырткары 2 млн турист сыяктуу убадаларын ылдыйдагы макалада талдап көргөнбүз:

50 миң сом сүйүнчү, 2 млн турист убада кылган «Кыргызстан» партиясы

Шайлоо тилкелеринин 97,62 пайызындагы жыйынтыктар менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7,08% добушка ээ болду. Бул партия Жогорку Кеңештен 13 мандат алышы мүмкүн.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы баарына бирдей билим алып, бирдей дарыланууга шарт түзгөн социализмди жактайт. Бул партия Жогорку Кенеш 60 депутаттан турушу керектигин, ар бир айыл округунун, райондук, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын өкүлдөрүнөн куралган Курултай түзүлүшү керектигин айтат. Парламентке төртүнчү болуп өткөн бул партиянын келечектеги пландарын толук бул шилтемеден кирип окусаңыз болот:

Катаал тартип орноткусу келген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы

Ал эми калган парламентке өтпөй калган партиялардын убадалары кандай болгон? Төмөндө бардык партия тизме менен берилет:

“Ата Мекен”;

“Бир Бол”;

“Биримдик”;

“Бүтүн Кыргызстан”;

“Замандаш”;

“Кыргызстан”;

«Мекеним Кыргызстан»

“Мекенчил”;

“Ордо”;

«Ыйман нуру»;



Парламентке кимдер депутат болуп келет? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM