Биз менен байланышыңыз

Алтындардын акчасын элге бергиси келген «Ыйман Нуру» партиясы

Саясат , Шайлоо-2020 | 28 Сен 2020 | 1327 | 0

Ыймандуу бийлик – берекелүү жашоо. Так ушундай ураан менен шайлоого аттанган «Ыйман нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы кандай программа түзүп, оппоненттеринен өзгөчөлөнүп кандай убадаларды берет, алдыда кеп кылабыз.

Бул партия 2012-жылы каттоодон өткөнү менен, парламенттик шайлоого быйыл алгач ирет катышууда. Партиянын лидери – маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

 — «Ыйман нуру» партиясынын башкалардан бир өзгөчөлүгү бар: көптөгөн партиялар, балким, «биз аны кылабыз, муну кылабыз» деген убадалар менен барат. Бирок биз кылып, куруп коюп баратабыз. Бардыгыбыздын максатыбыз — Жараткан аманат кылган ыйык мекенди көтөрүү, — деп кайрылган Кадырбеков съезддеги сөзүндө.

«Ыйман Нуру» өздөрүн Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы деп тааныштырууда. Муну айрым эксперттер Түркиянын президенти Эрдогандын партиясын үлгү катары колдонууда деп сыпаттайт. Себеби Түркиядагы бийликчил партия да Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы деп аталат жана саясат менен динди айкалыштырган көз караштары менен таанымал.

Эгерде «Ыйман Нуру» бийликти тизгиндесе, биринчи кезекте Кыргызстандын кен байлыктарын ар бир жаранга бирдей кылып бөлүштүрүп, менчиктештирип берерин айтат. Алардын эсебинде өлкө боюнча 2700 алтын иштеп чыгуучу жерден жылына 2 миң тоннадай алтын өндүрүлөт. Аны акчалай каражатка айландырып, кыргызстандыктарга бөлүштүргөндө, ар бир жаранга 1,5 миллион сомдон тиет.

Бул тууралуу партиянын теңтөрагасы Чыңгыз Макешов да журналисттерге берген маегинде кеп кылат.

Экономикадагы эң негизги кыла турган ишибиз – адилеттүүлүк. Мисалы, КРнын Конституциясында «Кыргызстандын алтыны, кени, абасы, суусу жана жери кыргыз элине таандык» деп жазылган. Бирок, иш жүзүндө андай эмес да. Анткени, өлкөнүн байлыгын олигархтар чогултуп алып, чет мамлекетке сатып, элге эч нерсе калган жок. Ошондуктан мен сунуштадым, келгиле, адилеттүү бийлик, берекелүү жашоо куралы деп, — дейт Макешов.

Экинчиси, билим берүүдө башка партиялар сыяктуу системаны түп тамырынан чаап, башкача системага өтүүнү сунуш кылган эмес. Болгону, жаштарга билим берүүдө бирдей шарт түзүп берүүнү сунуш кылган. Айрыкча, алыскы аймактарда ата энесинин шыгы бар баласын окутууга шарты жок болсо, анда мамлекет баланын билим алуусуна шарт түзүп, үстөгү жок карыз берүүсү керектигин айтат.

Башка партиялар банк дегенде эле элге кредит берүүдө жеңилдиктерди түзүүнү убада кылчу эле. Бирок кеп болуп жаткан партиянын сунушунда, элдин каада-салтына жана динге ылайыктуу, Кыргызстандагы банктар ишкерлер менен бир аянтчада иштөөсүнө шарт түзүлөрүн айтат. Башкача айтканда, ишкерлер менен банктар өнөктөштүктүн негизинде, бири-бирине жардам беришет.

Дагы бир демилгеси «Мен Кыргызстанга инвестиция салам!» долбоору. Мисалы, кимдир бирөөнүн акчасы бар, бирок эмне кылышты билбейт, ал эми айрымдарынын идеясы жана өлкөгө салым кошуучу ишкерлик жактан планы бар. Бул эки тарапты ортого мамлекеттин катышуусу менен бириктирүүнү көздөп жатканын, партия программасынан көрүүгө болот.

Сот системасы. Бул системага эч бир партия ыраазы эмес. Жада калса, бийликчил аталган партиялар да бул системаны кучтөндүрөбүз, системаны өзгөртөбүз деп келет.

Бирок ыйманчылардын программасында кайсы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү так көрсөткөн. Ал «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамдар. Анда Тартип комиссиясына буга чейин Жогорку Кеңештин жана президенттин өкүлдөрү кирсе, мындан кийин аларды кошпой эле, аксакалдар сотунан мүчө кошуларын айтат.

«Ыйман нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын программасы ушул беш критерийден турат.

Бул партиянын катарында Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин мурунку жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу, Мамлекеттик геологиялык чалгындоолор агенттигинин мурунку жетекчиси, Максим Бакиевдин «жакын санаалашы» деп айтылып жүргөн Учкунбек Ташбаев, диний берүүлөрдү чыгарган «Марва» ТВнын директору Улукбек Карыбек уулу, журналист Назира Ахмедовалар да шайлоого аттанган.

Copyright © 2017 Maral FM