Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирустан каза болгондор 21 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 299 | 0

Акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагында коронавирустун кесепетинен 186 бейтап каза тапты. Бул боюнча өлкөнүн Ыкчам штабы маалымат таратты.

Санкт-Петербургда көз жумган адамдардын саны көп (акыркы суткада 32 бейтап каза болгон). Ал эми Москва шаарында 28 бейтап көз жумду.

Бүгүнкү эсепти кошкондо Орусияда жалпы 21 077 адам коронавирустун курмандыгы болгон. Федерацияда жалпы 1 194 643 адамга коронавирус жугуп, алардын ичинен 970 296 адам айыкты. Учурда 222 592 бейтап дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM