Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Карабах 31 аскери каза болгонун маалымдады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 650 | 0

Өзүн эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабахтын Коргоо министрлиги Азербайжан аскерлеринин чабуулунун кесепетинде каза болгон 15 аскеринин аты-жөнүн жарыялады. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Буга чейин каза болгон 16 аскердин аты-жөнү маалымдалган болчу.

Азербайжандын Коргоо министрлиги өлкөдө 5 адамдан турган бир үй-бүлө жана 19 аскер каза болгонун маалымдаган. Армения тараптан каза болгондордун саны 550дөй экендиги айтылган. Бирок Армения бул маалыматты четке каккан. Эки тарап тең жоготуулар тууралуу бири-биринин маалыматтарын расмий айтылгандан бир топко көп экендигин белгилеп жатышат.

Түркия бул жагдайда Азербайжанды колдой турганын билдирген, бирок аскердик жардам сыяктуу сөз козголгон эмес. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эл аралык коомчулукту Карабах жаңжалына Түркиянын аралашуусуна жол бербөөгө чакырды. Ал эми БУУ, Франция, Орусия жана АКШ да Тоолуу Карабахтагы жаңжалды токтотууга чакырды.

Тоолуу Карабах: Жай тургундардын өмүрүн алган тирешүү

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабахтагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуу — Азербайжандын тарыхый милдети» деп билдирүү жасап, бул маселени Азербайжан эли канааттана тургандай кылып чечиш керектигин айткан.

Эске салсак, 1988-жылы Тоолуу Карабах автономиялык облусунун Азербайжандан бөлүнүү аракетинен улам башталган Карабах чуусу алигүнчө токтой элек. 1991-жылкы куралдуу кагылыштардан кийин Азербайжан аймакка өкүмүн жоготуп, Тоолуу Карабах Республикасы (ТКР) түзүлүп калган. 1994-жылы Минск келишими боюнча куралдуу кагылыштар соңуна чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп келүүдө.  Бирок Карабахтын эгемендигин колдогон Армения жана ага каршы болгон Азербайжандын ортосундагы мамиле дагы деле солгун бойдон келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM