Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Карабах: Жай тургундардын өмүрүн алган тирешүү

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 630 | 0

Азербайжандын Коргоо министрлиги бүгүн, 28-сентябрда армян аскерлери азербайжандык Тертер шаарына ок атууларды баштаганын маалымдады. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

-Азербайжан аскерлери тийиштүү жооп кайтарарын коргоо министри акыркы жолу эскертет,— деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Баку да азербайжан күч түзүмдөрү 2 армян техникасын жок кылганын айтып чыкты. Армения бийлиги 16 аскер аскер каза болуп, дагы жүздөйү жаракат алганын маалымдаган. Армения Азербайжан тараптан эки жүздөн ашык аскер, элүүдөй техника жок кылынганын айтууда. Бирок Азербайжанда жоготуулар тууралуу расмий маалымат жок.

Эки тараптын келишпестигинен улам, Тоолуу Карабахта аскерлерден сырткары жай тургундар да каза болууда. Азербайжан менен Армения жай тургундардын өлүмүнө бири-бирин айыптоодо. Ереван 2 жай тургундун өлүмү, Баку 5 адамдан турган бир үй-бүлөнүн мерт кеткени тууралуу билдирди.

Нагорный Карабах: стороны заявили о гибели мирных жителей | Украинская правда

Учурда эки тарап тең өлкөсүндө аскердик абал киргизди. Ошондой эле Армения интернетти токтотуп, мобилизация жарыялады.

Өзүн эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах аймагында 27-сентябрга караган түнү ок атышуу болгон. Баку менен Ереван абалдын курчуп кетишине бири-бирин күнөөлөп жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги аймакка биринчи армян тарап сокку урганын билдирсе, Армения Карабахты Азербайжан абадан ракеталар менен аткылаганын билдирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды Тоолуу Карабахтагы «согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, сүйлөшүүлөргө кайтууга» чакырды. Гутерриш Армения жана Азербайжандын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

Андан сырткары, Франция, Орусия жана АКШ да Тоолуу Карабахтагы жаңжалды токтотууга чакырды.

Эске салсак, 1988-жылы Тоолуу Карабах автономиялык облусунун Азербайжандан бөлүнүү аракетинен улам башталган Карабах чуусу алигүнчө токтой элек. 1991-жылкы куралдуу кагылыштардан кийин Азербайжан аймакка өкүмүн жоготуп, Тоолуу Карабах Республикасы(ТКР) түзүлүп калган. 1994-жылы Бишкекте өткөн тынчтык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кол коюлган тынчтык келишимине ылайык куралдуу кагылыштар соңуна чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп келүүдө.  Бирок Карабахтын эгемендигин колдогон Армения жана ага каршы болгон Азербайжандын ортосундагы мамиле дагы деле солгун бойдон келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM