Биз менен байланышыңыз

Азербайжан Арменияны калктуу конуштарын аткылоого айыптоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2020 | 479 | 0

Армениянын аскерлери Тоолуу Карабахтагы жарандык объекттерге кол салбоого макул болгонуна карабастан Азербайжандын калктуу конуштарын аткылашууда. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.

«Армения Куралдуу күчтөрү ар кандай куралдардан, анын ичинде артиллериядан жана ракеталардан, Азербайжан армиясынын бөлүктөрүнүн фронттун ар кайсы багыттарындагы позициялары менен биздин калктуу конуштардан ок чыгарышты. Фронттун ар кайсы багыттарында Армениянын куралдуу күчтөрүнө каршы жүргүзүлгөн жооп чаралардын натыйжасында душмандардын арасында каза болгондор жана жаракат алгандар бар», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына ылайык, Азербайжандын аймагында Тертер, Агдам жана Агжабеди аймактары аткыланды. Тоолуу Карабахта фронттун Ходжавенд, Агдара жана Губадли багыттарында салгылашуулар улантылган.

30-октябрдагы салгылашууларда жана 31-октябрга караган түнү Азербайжан армиясы эки Т-72 танкасын, үч жөө аскерлердин согуштук унааларын, эки «Смерч» жана «Град» ракета тутумдарын жана бир «Оса» зениттик-ракеталык системасын жок кылган.

«Учурда биздин аскерлер ыкчам кырдаалды көзөмөлдөп турушат», — деп кошумчалады Азербайжандын Коргоо министрлиги.

Армениянын Коргоо министрлиги өз кезегинде Азербайжанды Тоолуу Карабахтагы позицияларын гана эмес, «тынч конуштарды жана жарандык инфраструктураны» аткылап жатат деп айыптады. Бул тууралуу департаменттин Фейсбуктагы баракчасында маалымдалды. Мындан тышкары, Ереван Баку эл аралык мыйзамдар тарабынан тыюу салынган фосфор куралын колдонгонун дагы бир жолу кайталады.

Copyright © 2017 Maral FM