Биз менен байланышыңыз

Беларусиядагы нааразычылыктын 50-күнү, 100 миңден ашык демонстрант

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 546 | 0

Беларусияда оппозиция тарап президент Александр Лукашенкого карата нааразычылык билдирип, көчөгө чыкканына 50 күн болду. Айрыкча эс алуу күндөрүндөгү каршылык жүрүштөрү массалык түрдө өтүүдө. Бул жүрүштөр милиция менен кагылышуу, кармап кетүүлөр менен коштолууда.

Кечээ, 27-сентябрь күнү Минск шаарында катуу шамал менен жаанга карабастан нааразычылык акциясы 4 саатка созулду. Бул арада милиция тарабынан оппозициялык акцияга катышкан 200дөн ашык тургун кармалган. Кубөлөрдүн айтымында, кечээ нааразычылыкка чыккандардын саны 100 миңден ашкан.

Беларусия: Демонстранттар кармалып, сынга калган Лукашенко

Беларусиядагы нааразычылыктын күчөшүнө Беларус президенти Александр Лукашенконун 23-сентябрда өткөргөн «жашыруун» инаугурациясы да кошумча болгон.

Лукашенконун бул аракетин жактырбай, аны легитимдүү президент катары кабыл албаган мамлекеттер да көп.

Франция президенти Эммануэль Макрон Лукашенкого өз эрки менен бийликтен кетүүсү керектигин айткан. Ал эми Лукашенко Макрон өзү 2 жыл мурда чыгып, азыркыга чейин басылбай келген «сары кемселчендердин» көтөрүлүшү башталганда эле кетиши керектигин айтып, жооп кылды.

Франциядан сырткары Евробиримдиктин бир топ мамлекеттери, АКШ, Канада, Британия жана Украина, Польша сыяктуу кошуна өлкөлөрү да Лукашенконун аракеттерин сындап, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып келет. Лукашенко өтүп жаткан митингдер үчүн Батышты күнөөлөп жатат.

Александр Лукашенкону президенттик кызматы менен куттуктаган жетекчилер да жок эмес. Айрыкча постсоветтик өлкөлөр жылуу кабыл алышкан.

Minsk

Copyright © 2017 Maral FM