Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө кыргыз мектептер китеп менен 90% камсыз болду

Билим берүү жана илим министрлиги статистикалык маалыматтарга таянып, кыргыз мектептер китеп менен 90%, орус мектептер 87% камсыз болгонун билдирди. Бирок ата-энелер китептердин дээрлик 50 пайызын сатып алып берип жатканын, алардын баасы кымбат экенин айтышат. Билим берүү боюнча айрым серепчилер Улуттук статистика комитети реалдуулукту көрсөтпөй, күмөндүү маалымат таратарын белгилешет. Мамлекет окуу китептерин чыгарууга жыл сайын 120 млн сом бөлөт. Бирок китеп көйгөйүн чечүү үчүн бери дегенде 600 млн сом каражат керек. Ошондо гана бир нече жылда маселе жөнгө салынат.

 


Окуу процесси башталып, балдарын окуу китептери менен камсыз кылуу көйгөйү ата-энелерди түйшүккө салды. Анын үстүнө быйыл билим берүү дистанттык түрдө жүргүзүлүп жаткандыктан, интернетке акы төлөө маселеси да кошумча чыгымдарга кириптер кылууда. Мындай кырдаал өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатканын редакциябызга кайрылган ата-эне маалымдады.

—  Китепти 700-800 сомго чейин алып берген учурларым болду. Ал китепти кийинки балам окусун деп катып коёюн десем, кийинки жылы китептин бетин, сүрөттөрүн, мисалдарын өзгөтүп, кайра жаңыдан чыгарышат. Китеп  үчүн эле, окуу куралдарынан сырткары, бир балама 2-3 миң сом коротом. Анысы аз келгенсип, азыр интернетке да төлөп жатам. Министрлик китеп менен камсыздай албаган соң, жок дегенде китептин бааларын карапайым калктын чөнтөгүнө чактап, тийиштүү органдар наркты көзөмөлдөшпөйбү? Же өкмөт “бул китебиңе” деп акча берип жатыптырбы?! Өзүбүздүн жаныбызды өзүбүз эле багып жатабыз.

Дагы башка ата-эне китеп издеп таппай жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.

— Министрлик эмне үчүн бизге жыл сайын жок китептерди издетет? Бишкектен 6-класстын география китебин таппай жатам. Министрликте кимдир бирөө бизнес кылат өңдөнөт. Карантин убагында дарыларды кампаларга катып алгандай, китептерди да бекитип сатышат. Эл кыйналып, издеп, убара болот.

Деген менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Кыялбек Акматов мындай сындарды четке какты. Анын айтымында, предметтик китептер 5 жылда бир жаңыланат. Демек, бир китеп 5 жылга чейин колдонулат.

Министрлик окуу китептеринин жетишсиздигин жоюу үчүн быйыл төрт жүздөн ашык куралды ПДФ форматка өткөрдү. Алдыда жарык көрө турган китептер электрондук форматка өткөрүлүп, министрликтин сайтына жүктөлөт.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, учурда окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер 90%, орус мектептер 87% окуу китептери менен камсыз болгон.

— 5-6-класстар 100 пайыз китеп менен камсыз болгон, аларда маселе жок. Азыр 7-9-класстардын окуу китептери даярдалып, авторлор басма үйлөрү менен иштеп, басмага даярдалып турат. Буюрса, жаңы жыл алдында, этап-этабы менен чыгарылат. Китеп басып чыгуу токтоп калган жок. Базарда сатылган китептерге министрликтин тиешеси жок. Китеп 5 жылда колдонууга жарабай калат. Ошондуктан стандарт боюнча 5 жылда бир жаңы окуу китеби чыгып турушу керек. Бир китеп экинчи жылга жарабай калбайт, анткени окуу программалары да 5 жылда өзгөрөт, бирок 100% эмес.

Билим берүү министрлиги башталгыч класстын китептерине конкурс жарыялашы керек болчу, бирок кечигип жатат. 10-11-класстар боюнча предметтик стандарттардын баары даярдалып, окуу программалары бекиген. Бирок ал китептерге 2018-жылы конкурс жарыяланган, андан бери бул иш колго алынган жок. Буга министрликте иштеп жаткан кызматкерлердин кемчилиги себеп болууда. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов билдирди.

Ал белгилегендей, мамлекет жыл сайын окуу китептерин басып чыгарууга 120 млн сомдун тегерегинде каражат бөлөт, бирок бул жетишсиз.

— Мамлекет жылына 600 млн сом бөлсө гана бир нече жылда окуучулар окуу китептери менен толук камсыз болот. Бүгүнкү күндө ушул маселени чечүү үчүн министрликте «Окуу китеп»деген мекеме түзүлдү. Учурда уставдарын талкуулап жатабыз. Бул мекеме бардык жоопкерчиликти моюнга алышы зарыл жана үмүттөнүп жатабыз. Ал бир айдын ичинде ишке кирет деген ойдобуз. Биздин академия да колдон келген жардамды берет.

Маалыматка ылайык, министрлик жыл ичинде колдонулуучу китептердин тизмесин бекитип, «Кутбилим гезитине» жарыялайт. Мектептер ошол тизменин негизинде иш алып барат. Эгерде ата-энеден тизмеде жок китепти сатып берүүсүн талап кылса, баш тартууга болот.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери экономика гүлдөп өнүгүп кетпесе да, окуу китептеринин тартыштыгы маселесин чечип койсо болмок. Азыр да кеч эмес, бул көйгөйдү 3 жылда жөнгө салууга мүмкүн. Анткени билим берүү тармагына бюджеттен көлөмдүү каражат бөлүнөт. Замандын талабына жараша китептердин электрондук форматын көбөйтүү кажет. Мындай пикирин жарандык активист Замир Айылчиев билдирди. Ал көйгөйдү чечүүнүн төмөнкүдөй жолун сунуштады.

— Чын эле билимдин өнүгүүсүн кааласак, китептен башташыбыз керек. Бирок азыркы темп менен кете берсек, жакынкы 10 жылда да өнүкпөйбүз. Билим берүү тармагында өнүгүүнү кааласак, баарына реалдуу карайлы. Тилекке каршы, Улуттук статистика комитети так маалыматты бербей келет. Мындан сырткары, азыркы тапта саясий партиялардын бирөөсүндө да “билим берүүдө ушундай революция кылабыз, окуу китептерди чыгарып берели” деген нерсе жок. Алардын үгүт иштерине, көрнөк-жарнактарына кеткен каражатка канчалаган мектеп, бала бакча салмакпыз. Отуз жылдан бери келе жаткан китеп көйгөйүн чечмекпиз. Бирок алар биздин муңду түшүнбөй жатышат.

Замир Айылчиев мындан сырткары, окуу куралдарындагы, аттестаттардагы каталардын айынан запкы жеген окуучуларды эске салып, министрлик бул жаатта катуу көзөмөл жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Министрликтин өкүлү Кыялбек Акматов өз кезегинде каталарга жол бербөө үчүн «Окуу китеп» деген аталышта илимий практикалык борбор түзүлгөнүн, анда басууга берилүүчү китептер 4 экспертизадан өтөрүн маалымдады.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 1 млн 400 миңден ашуун мектеп окуучусу билим алат.

Copyright © 2017 Maral FM