Биз менен байланышыңыз

Европа менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкерлери кызматташат

Экономика | 5 Ноя 2021 | 1350 | 0

Бишкекте «Европа Биримдиги жана Борбор Азия» бизнес-форуму болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстанда алгач ирет уюштурулган. Форум Кыргызстан, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн маанилүү маселелерин талкуулоого арналган. 

«Европа Биримдиги – Борбор Азия» экономикалык форумунун алкагында өткөн бизнес-форумдун катышуучулары жашыл экономиканы, креативдүү индустрияны өнүктүрүүнүн келечегин айтышып, бул тармактар ​​бүгүнкү күндө Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдөөнүн каражаты экенин белгилешти.

Форумдун расмий бөлүгүндө алты келишимге кол коюлганын инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов айтты.

«Форумдун расмий бөлүгүндө чакан ГЭСтер, билим берүү тармагы, жашыл экономика боюнча алты келишимге кол койдук. Ошол эле учурда Айыл чарба министрлиги жана «Кыргыз темир жолу» ишканасы Европа өнүктүрүү банкы менен тийиштүү протокол кабыл алды. Жалпылап айтканда, ушундай алты келишимге кол коюлду. Бул келишимдер келечектеги кызматташтыкка өтө чоң, конкреттүү өбөлгө түзүп бере алат деп ойлойбуз».

Айыл чарба министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Замир Айылчиев бизнес-форумдун алкагында өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба, тамак-аш, таза продукцияларды чыгаруудагы потенциалын ачууга жакшы шарт түзүп жатканын белгиледи.

«Европа өлкөлөрүндө өзгөчө айыл чарба багытында жаңы технологиялар заманбап нукка чыгып, дыйкандардын жашоосун жакшыртып жатат. Учурда күнөскана багытында көптөгөн долбоорлорубуз бар. Мындан сырткары жүгөрү, айыл чарба, тамак-аш, экологиялык таза продукцияларды өндүрүү боюнча жакшы келишимдер бар. Ошондой эле кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылды. Бул фонддун алкагында биздин дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет. Бул — дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн жаңы нукка чыгаруу дегенди түшүндүрөт. Азыркы тапта жаңы инновациянын негизинде дыйкандардын өндүрүмүн жогорку чекке чыгарууга шарт түзөт».

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков Европа менен кызматташуунун мааниси чоң экенин белгилеп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жасоо керектигин айтты.

«Европа менен жашыл экономика, таза энергия, финансы, тигүү сектору жана башка бардык тармактарда кызматташсак болот. Бирок, ошол кызматташуу ушундай кичине кадамдардан башталат. Башында ишкерлер жолугушуп, бири-биринен бирдемени сатып алышы керек. Алар бизден жаңгак, бал алса, биз алардан жаңы технологияларды, жабдууларды, машиналарды алып келсек, мына ошондо кызматташтык башталат. Андан кийин балким, инвестициялык долбоорлорду жасасак болот».

Бизнес-форумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто, Франциянын Европа жана тышкы иштер министринин Борбор Азиядагы экономикалык дипломатия боюнча атайын өкүлү Паскаль Лоро, Өзбекстандын тышкы өнөр жай палатасынын өкүлү Адхам Икрамов, Европа инвестициялык банкынын операциялар боюнча башкы директорунун орун басары Лука Лаццароли, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучу директору Жужанна Харгитай, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик инвесторлор, каржы институттары, ата мекендик ишкерлер катышты.

Copyright © 2017 Maral FM