Биз менен байланышыңыз

Казакстан өлүм жазасын жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 411 | 0

Казакстан жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык протоколго кошулду. Бул өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган.

Тиешелүү документке БУУнун Казакстандагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров кол койгону айтылды.

Учурда БУУга мүчө болгон 193 өлкөнүн ичинен 88 өлкө өлүм жазасын жокко чыгарган протоколдун колдоочусу болуп эсептелет. Бул документке кол коюлгандан кийин ошол өлкөдө адам өлүм жазасына тартылбай, мындай чечимди жокко чыгаруу үчүн керектүү чаралар көрүлүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM