Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда төрт ийне жуткан жоокер 2,5 жылга кесилди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 436 | 0

Тажикстандын Душанбе гарнизонунун Аскер соту катардагы жоокер Фаридун Зиевуддиновду аскер кызматын өтөөдөн качкандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыратты. Сотто жоокердин кызмат өтөөдөн качуу үчүн төрт ийне жутуп алганы белгиленгендигин Озоди радиосу маалымдады.

Ушул жылдын апрель айында 21 жаштагы бала армияга мекенди коргоого чакырылып, Коргоо министрлигинин Вахдат шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Душанбе гарнизонунун соту 11-сентябрда билдиргендей, сот жараяны учурунда жоокер ооруканага жатып, аскер кызматынан бошонуу үчүн ийнелерди жутуп алгандыгы аныкталган.

Фаридун Зиевуддиновдун туугандары соттун өкүмүн адилетсиз деп эсептешет жана аны аскер кызматын өтөөдөн качуу үчүн ден-соолугун курмандыкка чалууга барбайт деп айтышкан.

Жоокерге байланыштуу өкүм 10-сентябрда жарыяланган. Эми анын үй-бүлөсү өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттанууну көздөп жатышат.

Жарандык активисттердин айтымында, жаштардын армияда кызмат кылгысы келбей жатышынын бирден бир себеби — бул аскер бөлүктөрүндөгү катаал шарттар.

Тажикстанда аскерге чакыруу жылына эки жолу — жазында жана күзүндө өткөрүлүп, 18 жаштан 27 жашка чейинки миңдеген жаштар милдеттүү түрдө кызмат өтөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM