Биз менен байланышыңыз

Европарламент Лукашенконун президенттик мөөнөтү аяктай турган күндү атады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 467 | 0

Европарламенттин депутаттары Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун расмий мамлекет башчысы катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5-ноябрда аяктай турганы айтты. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги жарыялады.

Аталган датада саясатчынын бешинчи президенттик мөөнөтү расмий аяктай тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Депутаттар Лукашенконун инаугурациясы 2015-жылдын 5-ноябрында болгонун эске салышат.

Буга чейин Европа парламенти Беларусиядагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Европа Биримдигин Лукашенкого каршы санкцияларды колдонууга үндөп, эл аралык көзөмөл астында кайрадан шайлоо өткөрүүнү сунуш кылган.

9-августта Беларусияда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгы чыккандан кийин массалык нааразычылык акциялары башталган. Оппозициялык талапкерлердин бардык штабдары расмий жыйынтыктарды тааныбай тургандыктарын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM