Биз менен байланышыңыз

Британия өкмөтү өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 575 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, өлкөдө коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну башталганын жарыялады. Бул тууралуу BBC News жазды.

Жонсон COVID-19ду жуктуруунун кийинки толкуну Франция, Испания өлкөлөрүн кошо жалпы Европа боюнча башталганын кошумчалады.

Мурункудай ири чектөөлөр киргизилбей турганын айткан өкмөт башчы, колдон келишинче экономикалык тармактарды ачык кармоо аракетин кыларын билдирди. Бул үчүн жарандардан эрежелерди аткарып, санитардык талаптарды сактоого чакырды.

Британияда коронавирус менен катталгандардын саны кайрадан өскөндүктөн өлкө бийлиги 6дан ашык адамдын чогулуусуна чектөө киргизди. Эксперттер мындай эрежени бир нече ай сактоо талапка ылайык деп эсептейт.

Британ мамлекетинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 386 миңдей учур катталган. Акыркы суткада дагы 4322 адамдан COVID-19 аныкталган. Вирус башталгандан бери анын кесепетинде жалпы 41 миң 500дөн ашык кищи көз жумган.

ДССУ: Европада эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо

Copyright © 2017 Maral FM