Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанга москвалык дарыгерлердин экинчи тобу келет

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 299 | 0

Орусиялык 35 дарыгерден турган топ Өзбекстанда жергиликтүү адистерге COVID-19 оорусун дарылоодо консультативдик, усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү үчүн келе жатат. Бул тууралуу Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

«Көп тармактуу топко инфекциялык дарыгерлер, анестезиолог-реаниматологдор, рентгенологдор, лабораториялык диагностика боюнча адис, анестезия боюнча медайымдар, эпидемиологдор, кычкылтек газификация кызматынын башчысы, пульманологдор жана терапевттер кирет. Булар 15 алдыңкы метрополитен ооруканаларынын, ошондой эле Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин балдар жана инфекциялык ооруканаларынын дарыгерлери. Тайпа клиникаларды профилдештирүүгө жардам беришет, кызыл зонада бейтаптарды кабыл алышат жана текшеришет. Ошондой эле ар кандай адистиктеги дарыгерлер үчүн окуу семинарларын өткөрүшөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин орусиялык дарыгерлердин алгачкы тобу Өзбекстандын аймактарында бир ай болуп, жергиликтүү адистерге коронавирус менен ооругандарды дарылоодо жардам беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM