Биз менен байланышыңыз

Казакстан коронавирустун кийинки толкунуна даярданууда

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 395 | 0

Борбордук коммуникациялар кызматынын брифингинде Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой өлкө коронавирустун кийинки толкунуна даярданып жаткандыгын билдирди.

«Абал туруктуу. Негизги көрсөткүчтөр төмөндөп баратат. Бирок биз коңшуларыбызга жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө байкоо салып жатабыз. Италияда, Испанияда, Германияда, Түркияда оорулардын кескин өсүшү байкалууда. КМШ өлкөлөрүндө өсүш Казакстанга караганда 0,5 пайызга жогору», — деди министр.

Цой ошондой эле республиканын мектептеринде биринчи чейректе дистанттык окутууну жүргүзүүнү сунуш кылды.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирустук инфекциянын 106 584 учуру катталды.

Copyright © 2017 Maral FM