Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Дүйнө боюнча курман болгондордун саны 900 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 347 | 0

Коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Кийинки орундарды Бразилия, Индия жана Мексика ээлейт.

Дүйнөдө таажы вирусунан каза болгондордун саны 900 миңден ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин сайтындагы маалыматтарда айтылат.

Ага ылайык, 10-сентябрга карата коронавируска чалдыккандардын саны 27 миллион 695 миң 130 адамды түздү. Анын ичинен 18 миллион 606 миң 83 бейтап айыгып чыккан.

Бейтаптардын көпчүлүгү — АКШда (6 358 247 учур), Индияда (4 370 128 учур) жана Бразилияда (4 162 073 учур).

Орусия төртүнчү орунда турат — акыркы суткада 5218 адамга диагноз коюлуп, жалпы оорулардын саны 1 миллиондон ашты (1 037 526).

Андан кийин Перу (696,190), Колумбия (679,513), Мексика (647,507), Түштүк Африка (642,431), Испания (543,379) жана Аргентина (512,293).

Өлүм боюнча АКШ лидер, бул мамлекетте 195 миң 239 бейтап коронавирустан көз жумган. Кийинки орундарда Бразилия (128 653), Индия (75 091), Мексика (69 095), Улуу Британия (41 594), Италия (35 577), Франция (30 794), Перу (30 236), Испания (29 628) жана Иран (22,669) турат.

Copyright © 2017 Maral FM