Биз менен байланышыңыз

Хамес Родригес «Реал Мадридден» чыгып, «Эвертон» клубуна өттү

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 8 Сен 2020 | 567 | 0

Колумбиялык белгилүү футболчу, 29 жаштагы Хамес Родригес Англиянын «Эвертон» футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу англиялык клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Родригес 6 жылдан бери Испаниянын «Реал Мадрид» клубунда ойноп келген. Акыркы сезондо жарым коргоочу Родригес жалпы 11 оюнга катышып, 1 гол киргизген.

Хамес Родригес англиялык клуб менен эки жылга келишим түздү. Маалымат булактары трансфер үчүн «Эвертон» футболдук клубу 22 миллион евро төлөгөнүн жазышууда. Клубда футболчу 19-номер менен чыкмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM